“Кең-Булуң” көзөмөл-өткөрүү жайында казак жараны ок-дарылар менен кармалды




Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” көзөмөл-өткөрүү жайында казак жараны ок-дарылар менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-август күнү казак жаранына тиешелүү унаа текшерүүгө алынган. Анын негизинде унаанын ичинен мыйзамсыз сакталган 56 даана ок-дары табылган. Учурда бул факт боюнча тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалган адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Жол ачылды деп эми мындайлар далай кезигет. Жакында эле дагы казак жараны кармалбады беле тапанча октору менен.