Бишкекте уурулукка шектелип эки адам кармалды



Бишкектин борбордук бөлүгүндө уурулукка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу 20-августта Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалым болгондой, 1-августта милицияга 22 жаштагы О.Ж. кайрылган. Ал күч колдонуп 15 600 сомдук уюлдук телефонун тартып алган эки жаранга карата чара көрүүнү суранган. Факты боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 21 жаштагы Т.А. менен 19 жаштагы М.Ж. кармалган. Алар тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү сот өкүмү чыкмайын же ИИМдин уруксаты жок жазылбайт.