super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Казакстанда патентке деп айына 3 миң теңге төлөйбүз, бизге пенсия берилеби?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Биз Казакстандын Шымкент шаарында соода кылабыз. Ай сайын ар бир адам үчүн 3000 теңгеден патентке деп акча төлөйбүз. Бизде эч кандай пенсиялык китепче жок. Базар жетекчилиги акчаны чогултуп кетет. Ошол эле базарда иштеген жергиликтүү тургундарда пенсиялык китепче бар. Менин оюмча, биз берген акча базар жетекчилигинин чөнтөгүнө эле кирет. Биздин укугубузду ким коргойт? Суроо калтырган Serenada       

Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов төмөнкүчө жооп берди: 

- Соода кылган жаран өзү төлөп жаткан 3 миң теңге кайсы жакка кетип жатканын, кайсы мекемеге берилип жатканын так аныктап алышы керек. Эгер ал акча базарда соода кылгандар милдеттүү түрдө төлөй турган каражат болсо, аны бир гана кыргыз мигранттары эмес, жергиликтүү соодагерлер дагы төлөшсө, КРнын Казакстандагы өкүлчүлүгү жардам бере албайт. Бирок 3 миң теңге Пенсиялык фондго төлөнүп, кыргыз мигранттарында гана китепче жок болсо, кыргыз жарандары укуктарын коргоо үчүн Консулдук департаментке кайрыла алышат. Шымкентте эмгектенгендер Алматы шаарындагы Башкы консулдук менен байланышуусу зарыл. Консулдуктун кызматкери менен биргеликте КРнын Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдошсо, мекеме тарабынан укуктук жактан жардам көрсөтүлөт. Алматы шаарынын Луганский көчөсү, 30-А дарегинде Консулдук департамент жайгашкан. +77272642212 (ошондой эле 2607674, 2622122) телефон номерлери аркылуу байланышса болот. 

Пенсия тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы: гер кыргыз жарандары Казакстанда иштеп, аталган өлкөнүн Топтомо пенсиялык фондуна каражаттарын которуп келишсе, анда келечекте ал мигранттар Кыргыз Республикасына кайтып келе жатканда топтолгон каражаттарын төккөн фондунан ала алышат. Бүгүнкү күндө эки мамлекет ортосунда пенсияларын которуп берүү тууралуу Казакстан тарап менен расмий түрдө келишим түзүлө элек. ЕАЭБ келишиминин алкагында ушул маселе эми каралары күтүлүүдө. Ошондуктан ал мамлекеттен чыгардан мурун Казакстандагы Топтомо пенсиялык фондуна расмий түрдө арыз менен кайрылып, каржаттарын алып алса болот",- деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.08.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Астана шаарында пенсионый баракчам бар эсептеп коргонмун. Менде Казакстандын витножительство паспорту бар. Мен топтолгон акчаны алайын десем сенин паспортун вит экен сага беришпейт. Казак паспортун алсан гана беребиз дейт. Анда неге вит порторго пенсионый ачтырып налако акча толотуп атсынар десем. Сен ошол торговый местанда соода кылып акча таап атсын и сенде казактын вит паспорту бар ошон учун сага пенсионый ачылган дейт. Кыргыз жарандрынын паспорторуна пенционый ачылбай экен.
21.08.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жарандары Казакстанда соода кылыш учун ошол местасын казак жарандарына кататып анан соода кылышат. Ал 3000 тенге ошол казака беришет ал казак налоко тенини төлөйт болду. Калганы өзүнө калат. Ал 3000 тенге төлөп жүргөн кыргыздарга эч пенсионый ачылбайт и берилбейт. Мына мен 6 жыл иштедим казактын вит паспорту менен. Вит паспорту бар кыргыздар башка кыргыздардын местасын озуно кататып налоко пенсионыйге көп акча төгүп жүрушөт ойлорунда пенсины көп аламын деп эч кандай акча алалбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: