super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Кыргыз эли таза шайлоону күтүүдө, бул нерсе өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө"

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 20-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын атайын өкүлү Петко Драгановду кабыл алып, тараптар Кыргыз Республикасынын БУУ тутуму менен кызматташтыгын, өлкөдөгү реформаларды, парламенттик шайлоого тийиштүү маселелерди талкуулашты.

"Сиздердин өкүлдөрдүн аракети аркылуу Кыргыз Республикасы менен кызматташууга байланышкан маселелер дайыма БУУ жетекчилигинин көңүл чордонунда болду",- деген төрага жакында БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун кыргыз өлкөсүнө жасаган иш сапарынын маанисин белгиледи.

Тараптар аймактык деңгээлде мамлекеттердин өз ара аракетине жана терроризм, экстремизм, наркотрафик, чек аралар аралык уюшкан кылмыштуу топтор сындуу азыркы учурдагы коркунучтарга биргелешип каршы туруу маселелерине көңүл бурушту.

Спикер социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө киришкен мамлекеттин аракетин, конфессиялар аралык мамилелер жаатында салмактуу саясат жүргүзүү, алардын экстремисттик агымдарына каршы күрөшүү зарылчылыгын белгиледи. Парламенттик шайлоо тууралуу: "Жогорку Кеңешке шайлоонун калыс, атаандаштык негизде өтөрү болжонууда. Бул маселе өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө турат, кыргыз мамлекетинин жарандары таза шайлоону күтүшүүдө",- деп билдирди.

 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: