super.kg logo
  Саясат  

Ошто чек ара чатактарын болтурбоо үчүн түзүлгөн топ ишин баштады

 

Бүгүн, 21-августта "Ош" чек ара отрядынын базасында чек арада чатактарды болтурбоо тобу ишин баштады.

Топтун курамына жергиликтүү бийлик органдарынын, чек арага жакын аймактардын тургундары, күч түзүмдөрүнүн аймактык тутумдарынын өкүлдөрү киргенин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

"Чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо тобунун ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү үчүн ЕККУнун Бишкектеги борбору "Ош" чек ара отрядында жагдайлык классты жабдуулар менен камсыздап берди, анда топтун өкүлдөрү чукул кырдаал учурунда Мамлекеттик чек ара кызматынын Бишкектеги кол башчылыгы менен орчундуу маселелерди талкууга ала алышат. Ош облусундагы топтун башкы максаты - Ош облусунун чек ара тилкелеринде чыр-чатактардын алдын алуунун жана болтурбоонун механизмдерин иштеп чыгуу",- деп билдирет мекеме.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кубатбек Жээнбаев: “Ош облусундагы бул топтун ишмердүүлүгү жакшы жыйынтыктарды берип, ошону менен биз чек араны коргоонун сапатын жогорулата алабыз деп үмүттөнөм”,- деп билдирди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: