Кыргыз мамлекетинде 7 айда 26 миллиард сом салык жыйналганы айтылды
Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын
январь-июль айларында 26 миллиард 158 миллион 200 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Мамлекеттик салык кызматы өткөн
жылдын 7 айына салыштырмалуу салык 3 миллиард 755 миллион 600 миң сомго ашыкча жыйналганын билдирүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
"Пайыз салыгы - 109,5 пайызга, бирдиктүү салык - 129,2 пайызга, милдеттүү патенттин негизиндеги салык - 176,3 пайызга, кыймылсыз мүлк салыгы - 105,7 пайызга. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 115 пайызга, "Кумтөрдүн" дүң кирешесине салык 118,1 пайызга, пайда салыгы 100,7 пайызга жана салыктык эмес келип түшүүлөр 142,9 пайызга аткарылды",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, быйыл автоунаага салык төлөө 1-сентябрда, кыймылсыз мүлккө салык төлөө 2-сентябрда аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

