super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын өкмөт жыйынына даярдыгы жок келгени сынга алынды

 
Бүгүн, 21-августта Өкмөт үйүндө парламенттик шайлоого карата даярдык боюнча маселе каралууда. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова ушул убакытка чейин канча жаран биометрикалык маалыматын тапшырганы боюнча так санын айта албай: "Менде бул боюнча так маалымат жок",- деди.
Бул боюнча өкмөт башчы Темир Сариев: "Эмне эле улам эле "около" деп жатасыз? Так санын бергиле да. Сиздерде дайыма так сан болуш керек. Шайлоо жакындап келе жатат",- деди. 
Ал эми Алина Шаикова Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында канча жаран биометрикалык маалыматын тапшырганы боюнча маалыматы жок экенин айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: