Жыйында күлгөнү үчүн өкмөттүк аппараттын башчысынын орун басары залдан куулду

Өкмөттүк аппараттын башчысынын орун басары Жылдызбек Исакулов өкмөттүн 21-августтагы жыйынында күлгөнү үчүн залдан чыгарылды. Каржы министри Адылбек Касымалиев республикалык бюджет тууралуу баяндама жасап жатканда аппарат башчысынын орун басары күлүп жиберди. Мындан кийин премьер-министр Темир Сариев анын залдан чыгып кетишин талап кылды. Ал сыртка чыгып кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

