Түштүк Кореядагы "Жибек жолу маданияты" фестивалын кыргыз маданият өкүлдөрү ачып беришет
Түштүк Кореянын Кёнжу шаарында "Жибек жолу маданияты" аттуу Эл аралык фестиваль бүгүн, 21-августта ишин баштады. Фестивалды кыргыз жеринен барган өнөрпоздор ачып беришет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Бүгүн кечинде баштала турган салтанатка акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Кыргыз ырчы-бийчилеринин өнөрүнөн сырткары фестивалдын коноктору "Гранд Базар" аянтында кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлган көргөзмөгө да күбө боло алышат",- деп айтылат маалыматта.
"Жибек жолунун маданияты" фестивалы 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 16 мамлекеттин өкүлдөрү катышат.
"Жибек жолунун маданияты" фестивалы 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 16 мамлекеттин өкүлдөрү катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-16
21:08
2026-02-13
17:13
2026-02-13
10:28
2026-02-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















