Сузак районунда "күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапты" делген келиндин жакындары тосмо арыз жазылбаганын айтышты

Сузак районунда "күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапты" делген келиндин жакындары тосмо арыз жазылбаганын айтышты. Жазгүл Каленованын иниси Талас Каленовдун айтымында, иш биринчи тергөөчүдөн алынып, бүгүн экинчи тергөөчүгө берилген.
“Эжем Жазгүл Каленованын жакындарынан эч кимиси тосмо арыз жазган эмес. Ал өзү асынып өлгөн күндө да, ошого жеткиргени үчүн күйөөсүн да жоопко тартуу керек эле. Бирок ал суракка алынбай, ээн-эркин жүрөт”,- дейт Талас Каленов.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Үч-Малай айылында Жазгүл Каленованын жансыз денеси асылган абалда табылган. Интернетке жарыяланган видеодо маркумдун жакындары “Жазгүл Каленова күйөөсү Азамат Бечеловдун ур-токмогунан улам каза тапты” дешкен. Ал эми Азамат Бечелов бул дооматты четке кагып, ал күнү ага кол көтөрбөгөнүн айткан.
Бир аз мурун бул боюнча күч органдагы өздүк булактар маркумдун жакындары тарабынан тосмо арыз жазылгандыктан иликтөө токтотулганын билдиришкен эле.
Жолдошунун ур-токмогунан улам каза тапкан келин


Эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Этика нормаларын сактагыла!
Айтчы, эркексинби? Деги кимсин
Алы жок, бир акылы жок ХХХ
Жылмайып озун эмес сен учун жанын берген
Сен ХХХ аялындын устунон тепсеп кеткен
Байкуш аял коздорунон канча жаштар акты
А бирок онолотко деп умутун узбой жатты
Сен ХХХ жеткирдинго тубуно т
Кандай катачылыктар болуп жатат?