super.kg logo

Бишкек-Торугарт жолунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты

 

Бишкек-Торугарт жолунун 24-чакырымында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-август күнү саат 21:15 чамасында болгон. Анда чыгыш тарапты көздөй бараткан Мицубиси Галант унаасы каршы тилкеге чыгып, Хонда Одиссей жана Хонда Фит унаалары менен кагылышкан. Анын кесепетинен Мицубисинин айдоочусу, Хонда Фит унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү каза тапкан. Ошондой эле Мицубиси Галант унаасындагы 2 адам, Хонда Фит унаасындагы 3 адам ооруканага жеткирилген. Ал эми Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ооруканага кайрылуудан баш тартышкан. Учурда бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: