super.kg logo
  Саясат  

Куала-Лумпур шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

 
Куала-Лумпур шаарында Малайзияда жашаган мекендештердин жолугушуусу орун алып, ага Малайзиянын белгилүү ишкерлери жана журналисттери дагы чакырылышты.
Кече мекендештерибиздин патриоттук духун көтөргөн КРнын Мамлекеттик гимни менен ачылды.
Иш-чарада эки элдин байланышын өнүктүрүүгө салымын кошкон малайзиялык кээ бир ишкерлерге, журналисттерге элчи Кылычбек Султанов кыргыз элинин атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш-чарада эки элдин катнашын өнүктүрүүгө салымын кошкон малайзиялык кээ бир ишкерлерге, журналисттерге элчи Кылычбек Султанов кыргыз элинин атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш-чарада эки элдин катнашын өнүктүрүүгө салымын кошкон малайзиялык кээ бир ишкерлерге, журналисттерге элчи Кылычбек Султанов кыргыз элинин атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш-чарада эки элдин катнашын өнүктүрүүгө салымын кошкон малайзиялык кээ бир ишкерлерге, журналисттерге элчи Кылычбек Султанов кыргыз элинин атынан ыраазычылык каттарын жана кыргыз жеринин кооз табиятын чагылдырган сүрөттөрдү белекке тапшырды.
Иш-чарада эки элдин катнашын өнүктүрүүгө салымын кошкон малайзиялык кээ бир ишкерлерге, журналисттерге элчи Кылычбек Султанов кыргыз элинин атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.
Бишкектен барышкан ырчы Аскат Мусабеков жана куудул Назира Жетигенова мекендештерибизге жана малайзиялык конокторго ыр-күлкү сунушту.
Бишкектен барышкан ырчы Аскат Мусабеков жана куудул Назира Жетигенова мекендештерибизге жана малайзиялык конокторго ыр-күлкү сунушту.
Иш-чаранын соңунда кеченин катышуучулары эстеликке сүрөткө түшүштү.
22-август күнү Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын алкагында өлкөнүн борбору Куала-Лумпур шаарында Малайзияда жашаган мекендештердин жолугушуусу орун алып, ага Малайзиянын белгилүү ишкерлери жана журналисттери дагы чакырылышты. Кече мекендештерибиздин патриоттук духун көтөргөн мамлекеттик гимн менен ачылды. 
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов өз сөзүндө мамлекетибиз эгемендүүлүк жолунда бир нече тагдыр чечүүчү тарыхый сыноолорду башынан өткөргөнүн айтып: "Биздин өлкө бардык өлкөлөр менен достук мамиле курууга кызыкдар. Бүгүнкү жолугушуубуз Кыргыз Республикасы жана Малайзия өлкөлөрүнүн достугун өнүктүрүүгө дагы бир ийгиликтүү кадам болуп беришине тилектешмин",- деди.
Бул салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө эки элдин катнашын өнүктүрүүгө салымын кошкон малайзиялык кээ бир ишкерлерге, журналисттерге элчи Кылычбек Султанов кыргыз элинин атынан ыраазычылык каттарын жана кыргыз жеринин кооз табиятын чагылдырган сүрөттөрдү белекке тапшырды. Малайзиядагы кыргыз мамлекетинин консулу Куштарбек Шамшидов 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу кабарлап, мекендештерди активдүү катышууга үндөдү. 
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин ыраазычылык каты менен Малайзияда иштеп, окуп жатышкан активдүү мекендештерибиз да сыйланышты. Андан соң Бишкектен барышкан ырчы Аскат Мусабеков, куудул Назира Жетигенова мекендештерибизге жана малайзиялык конокторго ыр-күлкү сунушуп, майрамдык маанай тартуулашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: