Быйылкы кышка даярданууга республикалык бюджеттен 2,5 миллиард сом берилди
Быйылкы жылдын 24-августуна карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин каржылоого республикалык бюджеттен 2 миллиард 495 миллион 2 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Бөлүнгөн
каражаттардын көбү жылуулук энергиясын субсидиялоого, жалпысынан 1
миллиард 304 миллион 500 миң сом жумшалганы айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
"Мунун ичинде "Кыргыз турак жай коммуналдык союз" мамлекеттик
ишканасына 1 миллиард 242 миллион 200 миң сом, Ош шаардык мэриясына 62 миллион 300 миң сом бөлүндү. Республикалык
бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелердин электр энергиясына 408 миллион 800 миң сом, жылуулук энергиясына 277 миллион 500 миң сом,
жаратылыш газына 4 миллион 600 миң сом, көмүр камдоого 49 миллион 900 миң сом бөлүндү",- деп айтылат маалыматта.
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы райондордо жашаган адамдарга электр энергиясына компенсация төлөө 78 миллион 200 миң сомго каржыланганы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

