super.kg logo
  Саясат  

Орус тили жана адабияты боюнча жогорку окуу жайды бүтүргөн 204 кадр мектептерге жөнөтүлдү

 
Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайын орус тили жана адабияты адистиги боюнча бюджеттик негизде бүтүргөн 204 кадрды мектептерге жөнөттү. Алар жаңы окуу жылынын башталышы менен ишине киришет. Бул мектептерде орус тили мугалимдеринин тартыштыгын жоюу максатын көздөгөн аракет экенин билдирет аталган министрлик. 
Айта кетсек, жыл башында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жогорку окуу жайларда педагогикалык багыттагы бюджеттик орундар үчүн кыргыз тилинде гана эмес, орус тилинде сабак өтүлүүчү тайпаларга абитуриенттерди кабыл алуу тууралуу буйрук чыгарган. Муну менен мектептерди орус тили жана адабияты мугалими менен эмес, орус тилинде сабак өтүүчү предметтик мугалимдер менен камсыздоого шарт түзүлөрү айтылган эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: