super.kg logo

Кадамжай районунда 2 адам сибирь жарасына күмөндөлүп ооруканага жаткырылды

 

Кадамжай районунда 2 адам сибирь жарасына күмөндөлүп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-август күнү Чекелик айылынын 1958-жылы туулган тургуну Исмат Алибаев талаада Наргиза Мойдунованын торпогун сойгон. Ал эми 17-август күнү Исмат Алибаев жана Наргиза Мойдунова сибирь жарасына күмөндөлүп Кадамжай аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. 

Ош шаардык санэпидемкөзөмөл борборунун берген маалыматы боюнча, “сибирь жарасы” деп корутунду берилген. Ветеринардык кызматтын адистеринин корутундусу бүгүн чыгат. Азыркы убакта бейтаптардын абалы жакшы. Жергиликтүү элдин арасында аталган илдет боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: