ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жаткан жеринен качып кеткен жоокерди издөөгө Кара-Тейит айылынын тургундары да тартылышты





Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жатып качып кеткен жоокерди издөөгө Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын жашоочулары тартылышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 25-августта окурман Whatsapp аркылуу кабарлады. Анын билдиришинче, учурда айылда 50гө чукул тургун чогулуп, Ички иштер министрлигинин тиешелүү жетекчилеринин келишин күтүп турушат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, ал жоокер 23-августта кыргыз-тажик чек арасынын "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен Калашников үлгүсүндөгү автомат менен качып кеткен. Белгилүү болгондой, жоокер 2014-жылы сентябрь айында кызматка чакырылган, бир айдан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
0

Бир эле ай калган болсо кызмат отоп бутооруно качмак эмес.