super.kg logo

Ошто жол-кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы чыр-чатак боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты

 

Ош шаарында Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринин ортосундагы чыр-чатак боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта маалымат жыйынында ИИМдин башчысынын биринчи орун басары Нурбай Касымбаев билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдын 23-август күнү интернетте “Шефтин уулун кармаган ДПС уят сөгүш укту” деген аталышта тараган тасмадагы кызматкерлер Ош шаардык ИИБинин Жол-кайгуул кызматынын ага тескөөчүсү, милициянын майору Жеңиш Жумашов, милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын ЖККнын тескөөчүсү, милициянын старшинасы Шакирбай уулу Иса, милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын милиционерлери, милициянын старшинасы Шумкарбек Чотонов, милициянын сержанты Акбарали уулу Данияр экендиктери такталды.

"23-августта Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде жогоруда аталган кызматкерлер өздөрүнүн кызматтарын аткарып жатышкан. Ал жерде алдынкы айнектери караңгылатылган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү автоунаа башкаруу эрежесин сактабаганы үчүн токтотулган. Текшерген учурда айдоочусу өзүн Чыңгыз деп тааныштырып, айдоочулук күбөлүгү жок экендигин жана милиция кызматкеринин уулу болорун билдирген. Ош шаардык ИИБинин милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын кызматкерлери ага протокол түзүп, автоунаасын ЖККнын айып жайына токтотушкан. Жол эрежесин бузган Чыңгыз аттуу айдоочу милициянын майору Ж.Жумашовдун уулу болгон",- деди Касымбаев.

"Бирок ЖККнын кызматкери, милициянын майору Ж.Жумашов мыйзамдын чегинде иш алып барбастан, өзү милициянын майору болуп туруп жаш жана кенже курамдын кызматкерлерине үлгү болуунун ордуна, тескерисинче, мамлекеттин кызыкчылыктарынан, мыйзамдарынан өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, уулунун тарабында болуп, кызматтык милдеттеринин чегинен чыгып, кызматка болгон кайдыгер мамилеси менен уулунун жол эрежесин бузуп жүрүүсүнө шарт түзүп берген. Жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ИИМдин ЖККнын жетекчилиги тарабынан уюштуруу жана тарбия иштери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнү аныкталган",- деп кошумчалады ИИМдин башчысынын биринчи орун басары. Андан соң ал бул окуя боюнча жалпысынан 14 кызматкер тартиптик жазага тартылганын баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
25.08.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балык башынан сасыйт. Мыйзам баарыбыз учун жазылган.
25.08.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Грузия украинадгыдай реформа жасап туп тамырынан алмаштырыш керек куч кызматкерлерин.
25.08.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
maiordu kamap salyp, berki jashtardy anyn orduna maior kylyp dayindash kerek oshondoo tuura bolot.
25.08.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Согунгон Жениш Жумашов дегенди наамдарын алып,жоопкерчиликке тартуу керек.Бутундой ИИМди уятка калтырганы учун.Ушунча жашка келип тырмактын учунчалык да жакшы соз билбегенин кара.Берки ГАИлерге наам берип ишинен албаш керек.
25.08.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Майорду жумуштан алып пагонун жулуп салыш керек
25.08.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кундо эле болуп жаткан корунуштун бири, просто мунусу гана ачыкка чыгып калыптырда!
25.08.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай уят создор менен согушкон кызматкерлерди жумуштан алмак турсун катуу жазага тартыш керек эле.Булар болсо административдик жаза колдондук дейт.Бир-бири менен байланышы бар учун,ушундай жаза колдонулуп жатат.МВДнын контролго алганы кайсы?
25.08.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майорду иштен алып,беркилерге тийишпеш керек,эгер алар да иштен алынса,анда мыйзам анык бузулут.
25.08.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят башка соз жок!
25.08.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дардан майор пуль менен кыйратам деп атат элего. Эми кантээр экен.
25.08.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча менен басып таштайм деп аткан эми эмне болоор экен. Тарбиясыз баласы уй булоолук ырыскысына жайлап койдуда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: