super.kg logo

Жол-кайгуул кызматкерлери жыл аягына чейин атайын GPS-көзөмөл салуу жабдыктары менен камсыздалат

 
Жол-кайгуул кызматкерлери жыл аягына чейин атайын GPS-көзөмөл салуу жабдыктары менен камсыздалат. Бул тууралуу бүгүн, 25-август күнү маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко билдирди. Анын айтымында, мындай фото жана видеобайкоочу куралдар инспекторлордун таза иштешине жардам берет.
«Жаңы аппаратура менен кызматкерлерди жабдуу үчүн каражаттарды айып пулдардан түшкөн акчанын эсебинен алып жатабыз. Бир GPS-көзөмөл салуу аппаратынын баасы 200-250 долларды түзөт. Жабдык кытайлык компанияга таандык, алар бир жылдык кепилдиги менен берилет. Алгач Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун инспекторлорун камсыздайбыз деп турабыз, аларга 500 даана алынат. Ал эми республика боюнча жол-кайгуул кызматкерлерин камсыз кылуу үчүн бизге дагы 700 даана көзөмөл аппаратурасы керек болот. Ал видео жана фотону онлайн аркылуу бере алат»,- деди жетекчи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: