super.kg logo

Оштогу жол-кайгуул кызматкерлеринин кайым айтышканы тууралуу видео боюнча 14 милиционер тартиптик жазага тартылды (тизме)

 
Ошто жол-кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы чыр-чатак боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып, ага ылайык 14 милиция кызматкери тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта маалымат жыйынында ИИМдин башчысынын биринчи орун басары Нурбай Касымбаев билдирди.
Анын айтымында, Ош шаардык ИИБинин Жол-кайгуул кызматынын жетектөө боюнча ага тескөөчүсү, милициянын майору Жумашов Жеңиш Токтобаевичтин атайын наамы бир тепкичке төмөндөтүлүп, ички иштер органдарынын кызматынан бошотулду. Ошондой эле:
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын (мындан ары -
МАЖКР) ЖККнын тескөөчүсү, милициянын старшинасы Шакирбай уулу Исага;
- Ош шаардык ИИБинин МАЖКРнын КККнын милиционери, милициянын старшинасы Чотонов Шумкарбек Момуновичке;
- Ош шаардык ИИБинин МАЖКРнын КККнын милиционери, милициянын сержанты Акбарали уулу Даниярга кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы жарыяланды. 
Мындан тышкары өздөрүнүн кызматтык функционалдык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн:
- Ош шаардык ИИБинин башчысы, милициянын полковниги Жолдошев Кылычбек Нурмаматовичке сөгүш тартип жазасы жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Зулимов Шакир Мулашовичке катуу сөгүш жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Дыйканов Бакыт Ашырбековичке катуу сөгүш жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин ЖККБнын башчысы, милициянын подполковниги Шакиров Шаирбек Шакировичке кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын командири, милициянын капитаны Ажибеделов Шабданбек Алмаматовичке катуу сөгүш жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин ЖККБнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Калыков Сапарбек Ашировичке катуу сөгүш тартиптик жазасы жарыяланды.
- Ош шаардык ИИБинин милициянын атайын жол-кайгуул ротасынын командиринин орун басары, милициянын ага лейтенанты Арабаев Адахамжан Маматисаевичтин кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү кызматтык тартип жазасы бар болгондуктан, ошону менен ал чектелген.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик жобосунун талаптарын бузгандыгы, ал кол алдындагы өзү кураторлук кылган кызматтардын ишин толук деңгээлде уюштурбай, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так алып барбагандыктан, кол астында иштеген кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууга карата эрктүүлүк жана ишкердик сапаттарды калыптандырбагандыгы, уюштуруу жана жетектөөчү таасирлеринин, ошондой эле тарбия иштеринин төмөндүгү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын ИИМинин ЖККнын ишмердигин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Барпиев Талантбек Айткуловичке катуу сөгүш тартиптик жазасы жарыяланды;
- Кыргыз Республикасынын ИИМинин ЖККнын башчысы, милициянын полковниги Дьяченко Сергей Федоровичке жана анын орун басары, милициянын полковниги Саркулов Ыманалы Кадырбаевичке ар бирине сөгүш тартиптик жазалары жарыяланды.
3) Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББнын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго мындан ары жогоруда көрсөтүлгөндөй жагдайларга жол бербөө боюнча өздүк курам арасында талкууга алып, тиешелүү тарбиялык жана профилактикалык иш-чараларын күчөтүү жана көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруусу катуу эскертилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
25.08.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Майор Жумашовго эн туура чечим болгон. Баракелде!
25.08.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG,Бир тепкич аздык кылат старшина кылып койсо болмок
25.08.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буларды ким сокту ошондо айтып койнулачы супер инфо
25.08.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Melis2014, ИИМ сөктү да ошондо.
26.08.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melis2014, боорду эздингоо)))))
25.08.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун коруп, "ой тообо"дейсин.Туура,дагы да катаалырак чечим чыгарса болмок, жанагы ашатып согунуп жаткан милицияга. Анда мансап ээлери балдарынын бешенесине "бул майордун же чон аткаминердин баласы" деп жазып койсо,анан тааныйт. Ыйман-ынсап тебеленип,унутулганда адам алсыз бир жаныбар экенин эстен чыгарса,жыйынтыгы зыяндан башка эч нерсеге алып келбешин унутпаш керек.
25.08.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды сен экобуздон башкасы бут эле согуп жатат
25.08.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Согуш деген мурунтан калган жазалоо.Бугунку кундун чечими-жумуштан айдаш керек.Себеби булар бут МВДнын кадыр баркын тушургондор.
25.08.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр ачык билдиргенде согуш бергендер да ээлеген жумуш ордуна татыктуу эмес! Омурзаковдон баштап баарын кызматтан алып, тазалап коюш керек органды
25.08.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балык башынан сасыйт.Омурзаков Суйунду иштен айдаш керек.Ошол келгенден бери Ошту башына кийип милицияларды озунуку кылып калашынча калчайт.Жениш деген видеодо согунгон киши да Суйундун кадры.
25.08.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Согуш дегенин эскертуу да,эскертуу берсе эле онглуп туз журуп калат дейсинби. Уйронгон адаттарын мин эскертуу берсен деле кыла беришет андан коро аларды милициянын курамынан кууш керек эле. ИИМ тармагын тазаламайын мындайлар чыга берет,реформалоо керек баарибир.
25.08.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип сокту экен буларды,ГАИ кандай согунсо,ошол создор м-н согуш жарыяласа сонун болмок.Ошондо айтылган создор тийер жерине жетет эле.
25.08.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майорду алып жакшы кылдыңар,бирок тиги эки старшина менен сержантты неге иштен алдыңар. Видеону көрсөңөр майор чектен ашканда тигилер да жаны ачып кетип тең айтышты. Же ИИМдегилер аларды калтырса майор дагы бир нерсени баштайт дешкен го.
25.08.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берки баласын кармаган ГАИлер эмне болду экен?
26.08.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы тартипти бузуп кармалса,анан баласына болушуп атабы?Андан коро баласын тарбиялабайбы?,,Энеси болушчаактын кызы ыйлаак"болотго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: