super.kg logo

Быйылкы жылдын алгачкы 7 айында Жол-кайгуул кызматынын 326 инспектору мыйзам бузган

 

Быйылкы жылдын алгачкы 7 айында Жол-кайгуул кызматынын 326 инспектору мыйзам бузган. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта маалымат жыйындын жүрүшүндө ИИМдин Өздүк коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Скандарбек Көчөрбаев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдыкына салыштырмалуу 27,8 пайызга жогору, башкача айтканда, 2014-жылы 255 инспектордун мыйзам бузгандыгы аныкталган.

326нын ичинен 7 кызматкерге кылмыш иши козголду. 5 кызматкер жумуштан четтетилген, ал эми дагы 13ү ээлеген кызматынан бошотулган. Калгандары тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Быйылкы жылы мыйзам бузган инспекторлордун санынын өсүшү ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен жүргүзүлгөн рейддик иш-чараларга байланыштуу. Көп учурда милиция кызматкерлери тарабынан өз каалоосу менен постту таштап кетүү, айдоочуларга орой мамиле жасоо жана башка бузуулар катталат”,- деди Көчөрбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.08.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аз эмесби менин билишимче мыйзам бузгандар 80.90% таза иштегендер аз откондо личный свет койуп алыпсын штраф дейт кайсыл жерге жазып койуптур китебинди корсот десем 100сом таштап кетебер дейт жок бербейм десем пачынды бузба азыр келдик дейт качан жоголот? Акча сурагандар
26.08.2015. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочодо турган ДПСниктерди алмайынча,мындай мыйзам бузгандар боло берет.Мунсуз алардын жашоосу жооок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: