super.kg logo
  Саясат  

Малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу боюнча өкмөт жакында атайын программа кабыл алат

 

Малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, уяң жүндүү койлорду өстүрүү боюнча өкмөт жакында атайын программа кабыл алат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 25-августта Чүйдө дыйкандар менен жолугушууда билдирди. Өкмөт жетекчиси үрөнчүлүк чарбаларды көбөйтүү менен түшүмдүүлүктү көтөрүү зарылчылыгын белгилейт.

“Өлкөбүз тоолуу аймакта жайгашкандыктан, дыйканчылыкка ыңгайлуу жер аянты чектелүү. Ошондуктан түшүмдүүлүктү көтөрүү менен айыл чарба тармагын өнүктүрүшүбүз керек. Биздин максат - мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу. Советтер Союзу тараган соң айыл чарба тармагындагы объекттерди жоготуп алдык. Ошолорду кайрадан жандардырууга мезгил келди. Бул үчүн өлкө аймагында күнөсканаларды курууну жайылтып, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы ыкмаларды киргизишибиз керек”,- деди Сариев.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: