Муфтият. Учурда 1700дөн ашуун зыяратчыга виза алынды
Учурда ажылык сапарына бара турган 1700дөн ашуун зыяратчыга виза алынып, алар өздөрүнүн учуп кетүү рейстерин күтүшүүдө. Бул тууралуу 25-августта муфтияттан кабарлашты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, 2015-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү учурда ажылык сапарына аттанып жатышкан зыяратчылардын документтерин кабыл алышууда. Ошондой эле Сауд Арабиясынын Кыргыз Республикасындагы консулдук кызматы документтери даяр болгон зыяратчыларга виза берип, тиешелүү иштерди аткарууда.
Быйылкы ажылыктын өзгөчөлүгү - баары электрондук түрдө болуп, зыяратчылардын жатаканасы, тамактана турган жайлары келишимдин негизинде Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигинин сайтында электрондук түрдө жайгаштырылып, сайт аркылуу гана тандалып алынмакчы.
Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарынан 200 зыяратчы Сауд Арабиясына тиешелүү учак менен Медина шаарына саат 23:00дө учуп кетет.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.