super.kg logo

Японияда "Гони" тайфунунан улам 470 миңдей турак үй электр жарыгысыз калды

 

Филиппин аралдарында 26 адамдын өмүрүн алган "Гони" тайфуну түндүктү карай багыт алып, Японияга жетти. Натыйжада Япониядагы 470 миңдей турак үй жарыксыз калса, 200гө чукул авиакаттам токтотулду. Ошондой эле 8 адамдын жаракат алганы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 25-августта жазып чыгышты.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 35 метрге чейин жетип, кээ бир учурда көрсөткүч 50 метр болгон. Окинава префектурасында түнкүсүн шамалдын багыты секундасына 71 метрге чейин жетип, рекорддук көрсөткүчтү көрсөткөн.

Метеорологдор суу толкуну көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертип, деңизге чыкпоону сунушташууда. Мындан сырткары катуу жааган жамгырдан сел жүрүшү күтүлгөнү маалымдалды. Тайфун 26-августта Орусиянын Ыраакы Чыгышына жетиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: