Алай районундагы селден улам келтирилген материалдык чыгым 580 миң сомду түздү
Алай районундагы селден улам келтирилген материалдык чыгым 580 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка
караганда, 24-август күнү Ленин айыл аймагындагы Согонду айылында катуу жааган
жамгырдан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен 1,5 чакырым ички чарбалык жол жараксыз болуп, 16 турак үйдүн
короо-сарайларына сел суулары кирген. Анын
ичинен 2 үй авариялык абалга келип, 1 үй көзөмөлгө коюлган. Учурда жолдорду
калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-07
14:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















