Биометрикалык маалымат тапшырган көптөгөн адамдар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таппай жатышат
Кыргыз мамлекетинде биометрикалык маалыматтарын тапшырган көптөгөн жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таппай жатышат. Өздүк маалыматын бергенин, бирок биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын бирдиктүү базасына кирбей жатканын айтып SUPER.KG порталына бир нече жаран кайрылды.
Автор: Нургазы Аматов
Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганыбызда бардык маалыматтар базага киргизилип бүтө электигин айтышты.
"Учурда шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча иштер уланып жатат. Бул тизмеге биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана киришет. Шайлоого 15 күн калганга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырган бардык жарандар бирдиктүү базага киргизилет. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган ар бир жаранга маалымдама берилет эмеспи. Тизмеден өзүн таппай калган жаран маалымдаманы Бишкек шаарындагы Тынчтык көчөсү-95 дарегинде жайгашкан паспорт столго алып барып калыбына келтирип алышы керек. Кайрадан биометрикалык каттоодон өтүүнүн зарылчылыгы жок",- деп билдиришти мекемеден.
Эскерте кетсек, биометрикалык маалыматтарды массалык чогултуу 2014-жылдын 20-октябрында башталган. Мамлекеттик каттоо кызматы күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого карата Борбордук шайлоо комиссиясына биометрикалык каттоодон өткөн 2 миллион 450 589 жарандын тизмесин берди (25-августта).
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
advert

26.08.2015. 11:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оппаааа, коп адамдар кирбей калат го дагы
bars06

26.08.2015. 13:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан? Кандай текшеребиз озубуз тууралуу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.