Тегеранда консулдук багыттагы кыргыз-иран кызматташтыгы талкууланды
Консулдук багытта байланыштарды бекемдөө максатында 25-августта Тегеранда Кыргыз Республикасы менен Ирандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук консультациянын 6-раунду орун алды. ТИМдин билдиришинче, кеп-кеңеш алышууда тараптар өлкөлөрдүн консулдук саясаты боюнча тажрыйба алмашышып, тармактагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү.
"Визалык маселелер, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын биргелешип коргоонун өзгөчөлүктөрү, Бишкекте 2011-жылдын 11-12-июлунда консультациянын 5-раундунун жыйынтыгында кол коюлган меморандумдун жоболорун аткарууга көмөктөшүү тууралуу талкуу болду. Тараптар туруктуу ыкчам байланышты үзбөө тууралуу, кийинки сүйлөшүүлөрдү 2016-жылы Бишкекте өткөрүүнү макулдашты",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















