Алмазбек Атамбаев: "Бир жылда мамлекетибизде маанилүү өзгөрүүлөр болду, анын бири - өлкөнүн ЕАЭБге кириши"
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан II "Ысык-Көл" Эл аралык экономикалык форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду.
Автор: Автандил Добулбеков
"Биринчи форумдан бери бир жыл өттү, бул аралыкта өлкөбүздүн турмушунда маанилүү өзгөрүүлөр болду. Алардын бири - мамлекетибиздин Евразиялык экономикалык биримдикке кириши. Бул кадам союзга мүчө өлкөлөрдү биргеликте өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзөт. Форумдун катышуучуларынын курамы кеңейип жатканы мени кубантат, бүгүнкү иш-чарага Кытай, Орусия, Казакстан, Түркия, Улуу Британия, Катар жана башка өлкөлөрдүн аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, ишкерлери катышууда. Форумдун алкагында 20дан ашуун макулдашууга кол коюлмакчы. Мунун өзү "Ысык-Көл" форуму эки тарапка тең пайдалуу кызматташууга жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга зор аянтча болуп берерин билдирет",- деп айтылат кайрылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

