Депутат Акылбек Султанов менен чырдашкан МАИ кызматкерлери жазаланганы айтылды




Интернет булактарында парламент депутаты Акылбек Султанов менен МАИ кызматкерлеринин кайым айтышкан видеосу жарыяланды. КСДПдан айрымдар бул окуянын чоо-жайын билип-билбей эле депутатты ашатып сөгүп жатканын билдиришти. Маалыматка таянсак, окуя былтыр апрель айында Өзгөн шаарында болгон.
"Депутат Өзгөндүн борбордук базарында машинасын унаа токтотуучу жайга токтотуп, түшүп баратканда МАИ кызматкерлери келишкен. Алар күбөлүгүн көрсөтпөй же өздөрүн тааныштырбай туруп документ сурашкан. Мыйзам боюнча, документ сураган орган кызматкери алгач өзүн тааныштырышы керек. Депутат Акылбек Султанов алардан өздөрүн тааныштырууну сураганда “форманы көрбөй турасыңбы, көрсөт дегенде көрсөт” деп опузалаганга чейин барышкан. Бул окуя боюнча Акылбек Султанов өз маалында тиешелүү жетекчилерге кат менен кайрылган. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев депутаттын кайрылуусуна 2014-жылдын 23-майында №23-137-катынын негизинде жооп берген. Анда бул окуя иликтенип, Өзгөн райондук жол-кайгуул кызматынын майору Г.Тешебаевге эскертүү берилип, милициянын капитаны К.Мамадилаевге сөгүш жарыяланган. Жогорудагы кызматкерлер депутатка орой жана мыйзамсыз мамиле кылышканы үчүн ушундай жазага тартылышкан. Белгилеп кетүүчү жагдай, бул иш боюнча аталган кызматкерлер да жетекчиликке кайрылышкан. Көз карандысыз териштирүү учурунда
жол-көзөмөл кызматкерлеринин күнөөсү аныкталган",- деп айтылат маалыматта.
жол-көзөмөл кызматкерлеринин күнөөсү аныкталган",- деп айтылат маалыматта.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:05
2025-02-24
11:29
2025-01-23
15:49
2024-12-24
19:34
2024-12-17
12:43
2024-11-26
16:11
2024-11-20
Рейтинг:
4

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сунуш, суроо же сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.