super.kg logo

Токмокто апрель айынан бери жарандарды күч колдонуп тоноого шектелип 3 адам кармалды

 
Токмокто дээрлик 5 айдан бери жарандарды күч колдонуп тоноого шектелип 21, 20 жана 18 жаштагы үч адам кармалды. Бул тууралуу 25-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Чүй ички иштер органдарына 35 жаштагы Б.Ч. кайрылып, 21-августта 20-25 жаштар чамасындагы 4 жигит тоноп кеткенин билдирген. Токмок-Мичурин унаа жолунун 2-чакырымында 1986-жылы туулган С.Р. аттуу агасына 5-6 жолу бычак сайып, бутун байлаган соң Гольф-4 унаасын уурдап кетишкенин кошумчалаган. Факты боюнча тергөө амалдары жүрүп, шектүү катары Чүй облусунун 2 тургуну: 1997-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган А.У. жана Бишкекте 1995-жылы туулган К.Ж. кармалышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын башка тоноочулук фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган. 
Маалыматка караганда, алар 21-июлда Токмок шаарынын тургундарынын үйүнө түнкүсүн кирип, үй ээлерин коркутуп, 31 миң сом жана зер буюмдарын уурдап чыгып кетишкен.
Ошондой эле 21-апрелде Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерин курал менен коркутушкан. 1962-жылы туулган А.Жумагүл, 1959-жылы туулган А.Таалай, 1984-жылы туулган А.Айзада жана 2002-жылы туулган А.Рауль аттуу жарандардын оозун скотчтоп, колу-бутун байлап салышкан. Андан соң 3050 доллар, 92 000 сом жана 58 700 сомдук зер буюмдарды уурдап чыгып кетишкен. Кармалгандарга кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.08.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кармалгандарга катуу жаза колдонуш керек булар адам болбойт
26.08.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапжаш иштесе ишке тойбой
турган убагында ушундай
жолго барса,кийин деле
онолбойт.Мындайларды абактан чыкканда да учотко алып, тез-тез текшерип туруш керек.
27.08.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оной акчага конгон акмактар да!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: