Каржы министрлиги: 7 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 7 миллиард 378 миллион сом жумшалды
Быйылкы жылдын 7 айында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 7 миллиард 378 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Каржы министрлигинен билдиришти. Аталган сумманын жарымынан ашыгы, тактап айтканда, 3 миллиард 710 миллион 400 миң сому мамлекеттик тышкы карызды, ал эми 3 миллиард 668 миллион сому мамлекеттик ички карызды тейлөөгө жумшалганы айтылды.
"2015-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын көлөмү 3 миллиард 597 миллион долларды түздү. Анын 3 миллиард 395 миллион доллары мамлекеттик тышкы карыз, 202 миллион доллары мамлекеттик ички карыз болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

