super.kg logo

Чүй облусундагы жол кырсыгынан каза тапкандардын айрымдарынын аты-жөнү такталды

 

Бүгүн, 26-августта саат 08:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен Лексус үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Анын кесепетинен ошол жерден Хонда Одиссей автоунаасынан 7 адам каза болгон (баары), Лексус автоунаасынан 2 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык өрткө каршы кызматынан 3 куткаруучу барган. Куткаруучулар барганда каза болгон 3 адам жерде жаткан, куткаруучулар каза болгон 4 адамды Хонда Одиссей унаасынан чыгарышкан. Каза болгондор Кант шаардык өлүк сактоочу жайына жеткирилишкен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Каза болгондор:

1. Орозбеков Азамат Сапар уулу, 12.08.1991-жылы туулган, жашаган жери Ысык-Көл облусу, Түп району, Ак-Булак айылы, Үсөнов көчөсү-3/1, (Хонда Одиссейдин айдоочусу);

2. Андагулова Жаңыл Аманатовна, 17.02.1974-жылы туулган, жашаган жери Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Калинин көчөсү-143;

3. Исаева Чынара Рыскуловна, 1971-жылы туулган, жашаган жери Ысык-Көл облусу, Тоң району, Ак-Өлөң айылы, Эгембердиев көчөсү-72;

4. Касымалиева Анара Эсенбековна, жашаган жери, туулган жылы тактала элек. 

Ошондой эле дагы үч адамдын аты-жөнү тактала элек.

Жаракат алгандар:

1. Ильяз Түлеев, 1985-жылы туулган, жашаган жери Бишкек шаары, Манасчы Сагымбай көчөсү-264, (Лексустун айдоочусу);

2. Түлеева Назгүл Турсунбековна, 1963-жылы туулган, жашаган жери Бишкек шаары, Манасчы Сагымбай көчөсү-264, (энеси), Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.08.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лексустун жургунчулору Нариман Тулеевдин балдары эмеспи?
26.08.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгондордун жайы жаннаттан болсун
26.08.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nariman Tuleev kim ele?
27.08.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jany-aryk,
Ит эле болбодукбу
27.08.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SHAHDAR, жообунуз жарды!

кабар ото кайгылуу экен...жайлары жаннаттан болсун...

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: