super.kg logo
  Саясат  

Талас. Облуста жарыяланган кыргыз тилинин үч айлыгы жыйынтыкталды

 

25-февралда Талас облусунда мамлекеттик тил боюнча жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы  чыгарылды. Иш-чара шаардагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте өтүп, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева эне тилдин өнүгүшүнө зор салымын кошкон инсандарга жана мекеме, уюмдардын өкүлдөрүнө атайын диплом, акчалай сыйлык тапшырды. I даражадагы сыйлыкка "Түндүк электр" ишканасынын Талас облусундагы филиалы жана облустук оорукана ээ болду. Ал эми II даражадагы сыйлыкка Талас усулдук борбору татыктуу болсо, III даражадагы сыйлыкты Талас ОИИБи ээледи. Аларды бул жетишкендиктери менен КРнын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын өкүлү Чолпон Түмөнбаева жана Республикалык "Кыргыз тили" коомунун президенти Райымжан Курбанов да куттуктап, ыраазычылык билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: