super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борборун өнүктүрүү жолдору талкууланды

 

Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Бактыгүл Аманалиева 26-августта "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү" долбоорунун эксперттери Радость Матерон, Жан-Бастиен Рисон жана Вероник Кадоре менен жолугушту.

Жолугушууда Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борборунун институционалдык өнүгүүсү, түзүмү жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланганы айтылды. 

"Аталган долбоордун максаттарынын бири - сотторду жана прокурорлорду даярдоочу окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга көмөктөшүү. Бул долбоордун алкагында 28-августта Башкы прокуратуранын, Адвокаттардын окуу борборлорунун жана Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтмөкчү",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: