Нарында жаштардын форуму өтүп, жаштар саясаты боюнча стратегиянын долбоору талкууланат
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 27-29-август күндөрү Нарында "Биримдиктүү Кыргызстан" деген темада жаштардын форумун өткөрөт. Максаты - достукту бекемдөө, түрдүү улуттагы жаштардын арасында жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, улуттар аралык жаңжалдардын алдын алууга чакырык жасоо.
Министрликтен кабарлашкандай, иш-чарага эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов, жаштар иштери боюнча мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү, коомдук уюмдардын лидерлери, активисттер жана башкалар катышып, анда 2016-2020-жылдарга карата мамлекеттик жаштар саясаты стратегиясынын долбоору талкууланмакчы. Аймактардан келген жаштар Таш-Рабат, Соң-Көл сыяктуу тарыхый жайларды кыдырышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

