Эльвира Сариева мектеп жетекчилерин тартипке салуу боюнча Бишкек мэрине кат жолдоду

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 27-августта мектеп формасы боюнча шаардагы муниципалдык мектептердин ишин тартипке салууну айтып Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовго кат жиберди. Катта ата-энелердин жана мектеп окуучуларынын укугунун бузулушуна, мектеп жетекчилигинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жол бербөө зарылдыгы айтылат. Сариеванын билдиришинче, Бишкектеги мектептердин үстүнөн ата-энелерден даттануу көп түшүүдө.
Буга чейин мектептин аймагында окуучулардын формасын сатууга тыюу салуу чечими чыккан эле.
"Мектеп администрациясы ата-энелердин макулдугусуз мектеп формасынын кайсы бир түрүн таңуулоого укугу жок. Өкмөт мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасынын (кочкул кызыл пиджак) эмес, мектеп формасынын жалпы стандарттарын бекитти. Талапка жооп берген мектеп формасынын бир нече түрүн сунуштагыла",- дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
perichte

27.08.2015. 10:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мектептерде форма сатылып эле жатат го...Эн туура вариант баягы эле ойдо жагы ак,асты жагы кара деген,ушуга эле токтолгону эн туура болот.Базарда сатылган формалардын тигилиши,ону-тусу,кездеменин сапаты ото начар!!!
perichte түзөттү 2015-08-27 10:14:18
AiBoru

27.08.2015. 12:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эле катуу тартип менен кетсе жыргайбыз го. Жыл сайын эле аркайсы нерсени шылтоолоп соруп эле жатышчу эле
Mirlan5

27.08.2015. 13:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мугалимдердин айлыгы аз деп ойлочумун балам 1чи класска баргыча... Корсо кээ бир мугалимдер (копчулугу) ата-энелерди сорушат экен уялыпда койушпайт. Айрыкча Бишкекте.
Ayida

27.08.2015. 18:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул боюнча калса кана,класс жетекчилер формасыз кирбегиле деп Бишкекте айтып жатат.Бул жагы кандай болот?Форма жок киргизбеймин деп.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.