“Кыргыз-казак бажы бекеттеринен товар алып өтүүдө жаралган кыйынчылыктар жоюлуп жатат” деди министр Панкратов
“Кыргыз-казак бажы бекеттеринен товар алып өтүүдө жаралган кыйынчылыктар жоюлуп жатат”,- деди экономика министри Олег Панкратов. Министр бул тууралуу бүгүн, 27-августта Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсүнө
байланышкан маселелер боюнча өтүп жаткан брифингде айтты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Анын билдиришинче, учурда чек арадан товар алып өтүү ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жатат.
"Кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынгандан кийин ал жайга барып келгенбиз. Чынында эле товар алып өтүүдө ишкерлер кыйынчылыктарга кабылып жатышканын билдиришкен. Кечээ, 26-августта да барып, андагы абал менен таанышып келдик. Көпчүлүгү жеңил кирип-чыгып жаткандарын айтышты, анткени биринчи ирет өтүп жатышканда товар боюнча иш кагаздарды толтуруу кыйынчылык жаратчу. Азыр бир кыйла жеңилдеп калды",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















