super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кадыржан Кыдыралиев көз жумду

 

Бүгүн, 27-августта кыргыздын улуттук кино өнөрүн дүйнөлүк аренага тааныткан белгилүү кинооператор, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кадыржан Кыдыралиев көз жумду.

Ал 1936-жылы 1-апрелде Жайыл районундагы Тельман айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги №5-кыргыз орто мектебин бүтүп, чыгармачылык жолун 1954-жылы “Кыргызфильм” студиясында оператордун ассистенти болуудан баштаган. 1956-1961-жылдары Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун оператордук бөлүмүнөн окуп, профессор А.В.Гальперинден сабак алган. Белгилүү режиссёр Т. Океев менен чыгармачылык тыгыз байланышта болуп, “Бакайдын жайыты”, “Отко таазим” ("Уркуя"), “Мен - Тянь-Шань”, “Көксерек”, “Улан”, “Алтын күз” деген фильмдерди тарткан. Бул тартылган фильмдер көп улуттуу советтик киноискусствосунун алтын казынасына кирген.

Киного кошкон салымы үчүн Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, грамоталар, "СССРдин Кинематографиясынын отличниги" төш белгиси жана Ардак белгиси ордени, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалы менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.08.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун
27.08.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах бейишинен орун берсин амииин.
27.08.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кино онору таланттуу операторунан айрылып олтурат! Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: