Бишкектин Свердлов району боюнча мыйзам бузуу менен кеңейтилген турак жайлардын саны 4 миңден ашат








Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча мыйзам бузуу менен кеңейтилген турак жайлардын саны 4 миңден ашат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Жеке турак жай департаментинин Свердлов району боюнча бөлүм башчысы Талант Исманакун уулу билдирди. Анын айтымында, мыйзам бузуу фактылары көбүнчө жаңы конуштарда кездешет.
«Биздин райондо 12 жаңы конуш бар, алардын көбү басып алуу жолу менен пайда болгон. Ар ким өзү каалагандай жер тилкесин ээлеп алган. Кийин мэрия тарабынан конуштардын жер планы түзүлгөндө айырмачылык пайда болуп, учурда аларды иретке келтирүү иштери жүрүүдө»,- деди бөлүм башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.