Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кара-Сууда диарея менен ооругандар 3 эсеге азайды
Саламаттыкты сактоо министрлиги алдын алуу иштеринин жыйынтыгында Кара-Суу районунда диарея менен ооругандардын саны 2,9 эсе кыскарганын билдирди. Былтыркы жылдын 8 айында райондук ооруканага 848 жаран кайрылса, быйыл бул мезгил аралыгында 300гө жакын адам кайрылганы айтылды.
"Оорунун келип чыгуу себептери: балдарга энелердин туура эмес камкордук көрүшү, балдарды тамактандырууда кайнабаган сүттү же сууну, үйдө жасалган тамак-аштын мөөнөтү өтүп кеткенине карабай берүү, жеке гигиенаны сактабоо, жуулбаган мөмө-жемиштерди колдонуу",- деп билдирет министрлик.
Оорунун алдын алуу үчүн бир катар талаптарды аткаруу сунушталды. Алар:
1. Жеке гигиенаны бекем сактоо;
2. Тамактануу алдында колду самындап жууп-тазалоо;
3. Жуулбаган мөмө-жемиштерден баш тартуу;
4. Даяр тамак-аш (нан, сыр жана башка) менен чийки эт, мөмө-жемиштерди бир баштыкка салып келбөө;
5. Тамак-ашка чымындын конушуна жол бербөө;
6. Бат бузулуучу тамак-ашты муздаткычта сактоо;
7. Балдарды жеке гигиенаны сактоого үйрөтүү;
8. Көчөдөн бат бузулуучу тамактарды сатып албоо;
9. Балдар ооруганда өз алдынча дарылабай, дарыгерге кайрылуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.