super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Датка-Кемин" линиясы тууралуу: "Эми биз энергетикалык жактан коңшу мамлекеттерден көз каранды болбойбуз"

 
Бүгүн, 28-августта жогорку чыңалуудагы электр линияларын туташтырган “Датка-Кемин” линиясынын ачылыш салтанатында президент Алмазбек Атамбаев"Эми биз энергетика жактан коңшу мамлекеттерден көз каранды болбойбуз",- деп билдирди. 
"Бүгүн биз тарыхый окуяга күбө болуп отурабыз. Мунун маңызын энергетиктер абдан жакшы түшүнүп турушат. Кыргыз мамлекети бүгүн накта көз карандысыздыкка ээ болду. Буга чейин өзүбүз өндүргөн энергия өлкөбүздүн түштүк аймагына Токтогулдан Өзбекстан аркылуу келчү. Аны жөн албай, транзиттик акчасын төлөп берчүбүз. Кыш келгенде энергетиктер жалдырап карап турушчу. Эми биз жалдырабайбыз, башкалар жалдырашат. 
Эмки алдыбыздагы максатыбыз - энергетикалык кубаттуулукту кескин көбөйтүү. Камбар-Ата ГЭСин бүтүрүшүбүз керек. "Жамгыр жаайбы же жаабайбы?" деп отурбай, энергетиканы суу менен эле эмес, көмүр менен өндүрүүгө жетишүү керек. Өлкөдө свет эч качан өчпөш керек. Ар бир үйдө дайым жарык болушу кажет",- деди Атамбаев.
"Өз баасы 5 АКШ центине чыкса да, сыртка 10 АКШ центи менен сатышыбыз керек. Ушул ишти баштап жатканда мага ким ишенген? "Карызды кантип төлөйбүз?" дешкен. Мына курулуп бүтүп, ишке кирип жатат. Биз сыртка чыгарганды ишке ашырышыбыз керек. Буга чейин сатып алып келген болсок, эми бизден сатып алышат",- деди өлкө башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: