super.kg logo

Бишкектин Дордой жаңы конушунда мыйзам бузуу менен кеңейтилген 4 турак үйдүн тосмолору сүрдүрүлдү (фото)

 
Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Дордой жаңы конушунда мыйзам бузуу менен кеңейтилген 4 турак үйдүн тосмолору сүрдүрүлдү. Атайын трактор Жеке турак жай департаменти тарабынан алынып келинген. 
Аталган мекеменин Свердлов району боюнча бөлүм башчысы Талант Исманакун уулунун айтымында, тосмолору сүрдүрүлгөн үй ээлерине эскертүү кагаздары быйылкы жылдын май айында берилген. Мындан улам жергиликтүү тургундар ишти сотко жеткирбей сүрдүрүүгө уруксат беришкен. 
"Борбордук көчөдө жайгашкан 4 турак үйдүн ээлери бирин-бири туурап короолорун 1,5 метрге кеңейтип алышкан. Бирок сотко жетпегендиктен, аларга айып пул салынган жок. Бүгүн болсо биздин департаменттин каражатына трактор айдатып келип, тосмолорду жок кылдык. Эми "Тазалык" ишканасынын унаасы келип курулуш таштандыларын жыйнап, чыгарып кетет",- деди бөлүм башчы.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
28.08.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суктук кордук келтирет деген ушул болот
28.08.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы кыласынар анча мынча кочолорго 2машина батбайт
28.08.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алыңар карапайым элге эле жетет. Кыйын экенсиңер, Ата-Түрк паркынын бир капталын ээлеп алган хансарайларды бузгулачы, көрөлү!
28.08.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мыйзамга, тартипке келтирүүлөргө каршылык жок. Бирок эки башка мамиле кылганы, бийликтин, туура эмес. Таптакыр туура эмес. Булар мыйзам бузуучу экен, макул. А тиги парктагы көп жылдык бактарды кыйып хан сарай салып алгандарчы? Аларга уруксат бергендерчи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: