super.kg logo

Дордой конушунун тургуну: “Тосмолорубузду сүрдүргөнгө жараша эми жолду оңдоп беришсе...”

 
Мубарак Кадырова
килем жыйылган кампа

Бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Дордой жаңы конушундагы мыйзам бузуу менен кеңейтилген 4 турак үйдүн тосмолорун сүрдүрүү маалында аталган конуштун тургуну Мубарак Кадырова: “Тосмолорубузду сүрдүргөнгө жараша эми жолду оңдоп беришсе...”- деди.

Бул жерде 2000-жылдан бери турабыз, 6 баланын апасы болом. 2007-жылы мэриянын убактылуу уруксаты менен короомду 1,5 метрге кеңейтип алгам. Бүгүн болсо дубалды сүрдүрүштү, мен каршы эмесмин. Жолду кеңейткенге жараша эми аны оңдоп беришсе, анткени бул жерден унаалар чаңды сапырып өтүшөт. Үйүбүздүн жанына унааларын токтотуп коюшчу. Ошондуктан бийик тосмо куруп койгонбуз. Эми өкмөткө “бизге жаңы тосмо кур” дебесек дагы, жолубузга асфальт төшөп берүүсүн суранабыз”,- деди тургун.  

Муну менен катар тосмосу сүрдүрүлгөн жергиликтүү жашоочулар жанындагы килем жыйылган кампанын мыйзам бузуу менен тургузулганын айтып, аны Мамлекеттик техинспекция качан сүрдүрөрүнө күмөн экендиктерин билдиришти.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайлар толтура короосун жылдырып тоскондор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: