Ахматбек Келдибеков музейлерди өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлүүнү сунуштады
“Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлүү керек”,- деди депутат Ахматбек Келдибеков ЖКнын 28-февралдагы жыйынында. Ал билдиргендей, музейлерге байланыштуу парламентте токтом кабыл алуу менен эле көйгөйлөр чечилбейт. "Азыр музейлерге жардам берүү эле эмес, алардагы маданий, тарыхый байлыктарды сактап калуу маселеси биринчи орунда турат. Менимче, 100 миллион сом өтө деле көп сумма эмес", - деди ал. Айта кетсек, бүгүн ЖКдагы өкмөттүк саатта “КРнын музейлери жана музей фонду жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралып, өкмөттүн маалыматы угулду. Аталган маселе боюнча Маданият, туризм жана маалымат министринин милдетин аткаруучу Кожогелди Кулуев маалымат берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

