Эки жарым айдан кийин жансыз денеси табылган Баткендин тургунунун өлүмүнө шектелип тажик жараны кармалды



Эки жарым айдан кийин жансыз денеси табылган Баткендин тургуну Сарахан Нурматованын өлүмүнө шектелип Исфара шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу 27-августта Тажикстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайты жарыялады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, 1978-жылы Исфара шаарында туулган А.А. аттуу жаран 2015-жылдын 7-июнунда тигүүчү машинасын оңдотуу үчүн Тажикстандын аймагына өткөн С.Нурматованы жолуктуруп калган. Экөө уруша кетип, шектүү жаран С.Нурматованын башына урган. Андан соң жабырлануучуну жоолук менен муунтуп салган. Кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун сөйкөсүн, эки алтын шакегин, кездемелерин жана тигүүчү машинасын алып, сөөгүн казылган аңга таштап, үстүнө таштарды ыргытып салган. Азыркы тапта факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Эске салсак, С.Нурматованы издөөгө көмөктөшүү суранычы менен анын жакындары буга чейин кайрылышкан эле. Ал эми 19-августта Тажикстандагы иштебей калган шахтанын ичинен С.Нурматованын жансыз денеси табылганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
ainuska00

28.08.2015. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай жазасын берсин
aziz2012

28.08.2015. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаткан жери жайлуу болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.