Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 9 жаңы кызматтык унаа тартууланды



Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Ички иштер министрлиги тарабынан 9 жаңы кызматтык унаа тартууланды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, унаалар дээрлик бардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлерине тапшырылат.
Аталган облустун ички иштер башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги Ибрагим Шатманалиев: “Мындай кадам оор кылмыштардын көп узабай ачылышына өбөлгө жаратат”,- деп билдирет.
Ошондой эле эртең, 29-август күнү ички иштер министри Мелис Турганбаев Жалал-Абад облусуна келип, кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Бергенине да рахмат
айтыш керек.