super.kg logo

Жалал-Абадда алтын казуучу ишканадан 30 миң доллар талап кылган уюшкан кылмыштуу топ кармалды

 

Жалал-Абад облусунда алтын казуучу ишканадан акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чаткалдагы “Кичи-Чаар-Ат” алтын казуучу ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүнө ылайык, 25-30 жаштардагы 4 жаран ишканага келип, өздөрүн “түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн адамдарыбыз” деп тааныштырышкан. Андан соң аны коркутуп, “общак” (кылмыш дүйнөсүнүн казынасы - ред.) үчүн 30 миң доллар көлөмүндө каражат талап кылып, “ишкананын коопсуздугун карап беребиз, акча бербесеңер жумушуңарды токтотуп салабыз, андыктан ойлонууга 1 күн убакыт беребиз” деп опузалап кытай өкүлүн коркутушкан.

2015-жылдын 18-август күнү кылмыш иликтөөчүлөр Чаткал районунун аймагынан шектүү БМВ үлгүсүндөгү автоунааны курчоого алып токтотуп, ичинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан.

Учурда бул факт боюнча чогулган материалдардын алкагында кармалган жарандарга "опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул иш боюнча Чаткал райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө санкция берилип, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.

"Азыркы учурда бул уюшкан кылмыштуу топтун артында ким турарын, башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча кошумча иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат",- деп маалымдашты Жалал-Абад ОИИБинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.08.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шордуулар
28.08.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кытайлардан алса не болуптур
28.08.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кытай куйо балдарыбызды коркутуптур деп камап салбай чыгаргыла аларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: