1-сентябрда Чүй жана Талас облустарында электр жарыгы өчөт
1-сентябрда Чүй жана Талас облустарындагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу жарык өчөт. Бул тууралуу 28-августта "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Геологдор кыштагында, Шопоков шаарында, Төмөнкү-Чыгыш айылындагы аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Оңдоо иштерине байланыштуу Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Маймак, Саткей, Көк-Сай айылдарында 08:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















