super.kg logo
  Саясат  

Аткаминерлерди сыздата турган zanoza.kg сайты ачылды

 
Кыргыз өлкөсүнүн "адилеттүү" жана бийликтен "көз карандысыз" сотторунун жардамы менен бүгүн "Вечерний Бишкек" гезити жана анын сайты толук мүлкү менен жаңы кожоюнга өттү. Ошентип, бийликке тиш кайраган же каяша айткан маалымат каражаттарын кандай тагдыр күтөрүн бийлик дагы бир ирет көрсөттү. Буга чейин "Ош ТВ" каналы да соттун "адилет" чечими менен бийликтин көзөмөлүнө өткөн.
Биз буга чейин жазгандай, эки күн мурда "Вечерний Бишкек" гезитинин сайты окурмандары менен коштошкон эле. Бүгүн ал сайтты кыска мөөнөттө популярдуулукка жеткирген жамаат жаңы сайт ачканы белгилүү болду. Сайттын аталышы zanoza.kg экенин эске алганда, андагы маалыматтар көзүн май баскан кээ бир аткаминерлерди сыздаткан тикенек болуп сайылат сыягы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: