super.kg logo

Жаңы окуу жылына карата 2207 орто мектеп жана 1062 бала бакча балдарды кабыл алууга толугу менен даяр

 
Жаңы окуу жылына карата 2207 орто мектеп жана 1062 бала бакча балдарды кабыл алууга толугу менен даяр. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 28-августта өкмөт жыйынында билдиргенин министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.  

“Быйылкы жылга республика боюнча 70 миңден ашык бала 480 сааттык мектепке даярдоо курсунан өттү. 28 миң жеткинчек бала бакчалардан даярдалып, 1-класска кирип жатат. Мындан сырткары дагы 7 миңдей бала атайын окуу борборлорунан тарбияланып чыкты”,- деп билдирди Сариева.

Министрдин айтымында, республика боюнча бала бакчалардын жетишсиздиги дагы эле курч бойдон турат. Акыркы 6 айда мурда менчикке өтүп кеткен бала бакча имараттарынын 52 пайызы Башкы прокуратуранын жардамы менен кайтарылып берилди.

Ал эми мектептердин күз-кыш мезгилине даярдыгына бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөт. Мындан сырткары башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу маселеси да каралды. 2207 мектептин ичинен 788 мектептин азыркы тапта 1-4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак даярдап берүүгө толук шарты бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: