Ошто Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 36 жаштагы мүчөсү 14,6 грамм гашиш менен колго түшүрүлдү
Ош шаарында кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Д.Н. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча операция 28-августта саат 17:00 чамасында Оштун Көкүм-Бий көчөсүндө орун алды. Анын жанынан 14,6 грамм гашиш табылды. Бул факты боюнча "баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.